кухни на заказ
|
ОБЩЕСТВЕННАЯ ТЕЛЕРАДИОВЕЩАТЕЛЬНАЯ КОРПОРАЦИЯ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2007-жылдын
8-декабрындагы
журналисттердин республикалык жыйынында кабыл алынган.
2009-жылдын
16-апрелиндеги журналисттердин республикалык конференциясында түзөтүүлөр
киргизилген.
Кыргызстан
журналистинин этикалык кодекси Кыргызстандагы ЖМК кызматкарлеринин адистешүүсүнө
карабастан алардын этикалык жана кесиптик иш стандарттарын калыптандыруу,
Кыргызстандагы журналистиканын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле
ЖМКга карата коомдун ишеничин жана сый мамилесин сактап калуу максатында кабыл
алынды.
- Журналист коомдун демократиялашуусу процессине, Кыргызстандын көп
улуттуу элинин ынтымагына, ошондой эле өлкөдөгү экономикалык жана
социалдык өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга көмөктөшүшү керек.
- Сөз эркиндиги журналисттин ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп
саналат. Кайсы гана кырдаалда болбосун журналист сөз, ой-пикир жана
маалыматка жетүү эркиндигине карата ар бир адамдын укугун ишке ашырыш үчүн
сөз эркиндигин коргоого, маалыматты бурмалоо жана цензура киргизүү аракеттерине
каршы турууга тийиш.
- Журналист жекече пайда көздөп өз кызмат абалын пайдаланышы,
материаларды даярдаганы, маалыматты жашырганы же бурмалаганы үчүн белек,
акча же дагы башка сый алышы, өзгөчө мамилеге ээ болушу, тейлениши туура
эмес.
- Журналисттин жеке кызыкчылыгы анын кесиптик ишинин жыйынтыгына
таасирин тийгизбеши керек. Журналист өзүнүн жеке кызыкчылыктары жана өз үй-бүлөсүнүн
кызыкчылыктары тиешелүү болгон чөйрө тууралуу ЖМКнын жетекчилигине кулак
кагыш кылышы зарыл. Журналист жеке пайда көздөп өз кесибинде алган кандай
гана маалыматты болбосун жарыялаганга чейин колдонбошу керек жана кызыккан
адамдарга бербеши керек.
- Журналист кандайдыр бир партияга мүчө болуудан, саясий ишмердүүлүктөн,
мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөдөн
оолак болушу керек. Андай болбосо ал өз иши туурасында өз окурмандарына,
угармандарына жана көрүүчүлөрүнө кабарлоого милдеттүү.
- Журналист жалпыга маалымдоо каражаттарын коомдун кызыкчылыгына,
адамдын жана жарандын укуктарына каршы пайдаланышына, согушту, зомбулукту,
расалык, улуттук, жыныстык, жердештик, диний, жыныстык жана социалдык
касташууну пропагандалоо максатында колдонушуна жол берилбейт.
Материалдарды даярдоодо журналист
айрым адамдын (же адамдардын) тиешелүү белгилерин, ошондой эле тышкы жана
психикалык өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүдөн оолак болушу керек, бирок буга ошол
маалымат журналисттик материалдын ажырагыс бөлүгү болгон учурлар кирбейт.
- Журналист жарнама материалдарды жаратуудан жана ага катышуудан оолак жүрүүгө
тийиш. Андай болбосо мындай материалардын коммерциялык мүнөзү окурманга,
угарманга жана көрүүчүгө дароо түшүнүктүү болушу үчүн журналист жарнама
материалдар аналитикалык жана маалыматтык материалдардан тиешелүү
рубрикация же кошумча белгилер (символдор), шрифт же дагы башка ыкмалар
менен даана бөлүнүп турушу үчүн колдон келген бардык аракетин көрүшү
зарыл.
- Журналист эч кандай шартта
билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгерде таркатылган маалымат
чындыкка жатпай турган болуп чыкса журналист аны колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү
пайдалануу менен түзөтүүгө милдеттүү.
- Тартылган сүрөттөрдү жана аларга коюлган колдорду, тексттерди,
материалдардын аталыштарын редакциялоодо материалдарды бурмалоого жол
берилбейт. Материалдардын тексттери, интерчуулар, маектер тартылган
материалдын видеокатарына туура келиши керек.
- Фактыларды, божомолдорду жана пикирлерди бири-биринен даана бөлүү
зарыл.
- Журналист өз ишинде ар бир
адамдын жеке жана интим турмушуна урматтоо менен мамиле кылышы милдет.
Адамдын жеке жана интим турмушуна кийлигишүүгө, материалдын каарманынын иш-аракеттери
социалдык мааниге ээ болгондо же коом үчүн кызыгуу туудурганда гана жол
берилет. Мындай материалдарды жарыялоодон мурда журналист үчүнчү тараптын
укугуна доо кетпей тургандыгын текшериши керек.
- Журналист балдарга байланыштуу маселелерди чагылдырууга өтө кылдат
мамиле кылышы зарыл. Журналистте жана редактордо жашы жете электердин жеке
жашоосун чагылдырууга маанилүү себеби (негиздемеси) жана балдардын ата-энесинин,
мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же асыроочуларынын макулдугу болушу керек.
Зордук-зомбулукка, мыйзамсыз аракеттерге байланышкан окуяларга кабылган
балдардын аттарын же аларды таанууга мүмкүнчүлүк берген белгилерин
жарыялоого жол берилбейт.
- Сот процессин чагылдыруу айыпталгандарга карата ысык-суугу жок
мамиледе болушу керек. Журналист соттун тиешелүү чечими чыкмайынча адамды
кылмышкер деп атай албайт. Материал даярдап жатканда журналист кылмыш
боюнча шектелип жаткан адамдардын аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыя кылуудан
алыс болушу зарыл, буга айыпталгандар белгилүү адамдар болгон, өздөрүнүн
ким экенин айткан же мыйзам жол берген учурлар кирбейт.
- Журналист кылмыштардын жана өзгөчө кырдаалдардын курмандыгы болгон
адамдарга, ошондой эле алардын жакындарына жана туугандарына зыян келтире
турган, алардын ден соолугун жана психологиялык абалын начарлата турган жүрүш-туруштан
алыс болушу керек.
Материалдарды даярдоодо журналист
кылмыштардын, кырсыктардын жана чукул кырдаалдардын курмандыгы болгон
адамдардын аты-жөнүн жана сүрөтүн жарыялоодон алыс болушу керек, бул талап ошол
адамдар кеңири белгилүү инсан болгон же өздөрүнүн ким экенин айткан учурларга
тиешелүү эмес.
- Журналист террордук аракеттер жана террорго каршы операциялар учурунда
адамдарды сактоо жана адамдын жашоого болгон укугу башка бардык укуктар
менен эркиндиктерден жогору тураарын түшүнүүгө милдеттүү.
Террористтер көпчүлүк учурларда өз
позициясын билдириш үчүн же башка жердеги өнөктөштөрүнө шарттуу белги бериш үчүн
ЖМКны өз максаттарына пайдаланууга аракет кылышаарын журналист эстей жүрүшү
зарыл. Андыктан журналисттер укук коргоо органдары менен алдын ала кеңешмейинче
өз демилгеси менен террористтерден интервью албашы керек жана террористтерге түз
эфирге чыгууга мүмкүнчүлүк бербеши керек.
Террордук аракеттерди жана
террорго каршы операцияларды чагылдырууда журналист адамдарды сактоо менен
алектенген адистердин иш-аракеттеринин майда-чүйдөсүн сүрөттөөдөн алыс болушу
керек жана окуя болуп жаткан жерди же анын катышуучуларын көрсөтүүдө артыкбаш
натурализмден баш тартышы зарыл.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары,
журналист өз маалымат булактарын жашырууга укуктуу.
- Журналист карама-каршы тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына
кабылган адамдардын пикирлерин тең салмактуу бериш керек.
- Социалдык иликтөөлөрдүн маани-маңызын бузган тандалма цитаталарды
колдонууга жол берилбейт. Белгилүү жыйынтыкка жетүү максатында калк
арасындагы сурамжылоолорду бурмалоого болбойт. Журналист өз материалынын
каармандарына тигил же бул көрүнүштөргө жана окуяларга терс же оң пикирин
билдирген анонимдүү эксперттердин сөздөрүн колдонуудан баш тартышы керек.
- Журналист маалыматты, документтерди, фотосүрөттөрдү, аудио жана
видеоматериалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде алууга
бардык аракетин жумшаш керек. Мындан башка ыкмаларды колдонуп табылган
маалыматты ал коомчулук үчүн зор мааниге ээ болгондо гана колдонсо болот.
- Журналисттин дүйнө туюмуна жана объективдүү журналистиканын
принциптерине каршы келген тапшырмаларды аткарууга жана макалаларды
жазууга милдеттендирүүгө болбойт.
- Журналист плагиатка барбашы керек. Жазма же сөз түрүндөгү бирөөнүн
материалдарын колдонгондо сөзсүз түрдө ага шилтеме кылуу зарыл.
- Журналист жеке кызыкчылыктарын көздөп, ЖМК аркылуу өз араздаштарынан өчүн
албашы керек.
- Журналист өз кесиптештерине зыян келтирбей, алардын ар-намысын
урматташы абзел. Кесиптик шериктештик деген түшүнүктү сыйлап, журналист
кесибинин, чынчыл атаандаштыктын, сөз жана маалымат эркиндигинин
кызыкчылыгы үчүн аракеттениши керек.
|
|
|
Как нас найти? ↓
Кыргызская Республика г. Бишкек, ул. Шота Руставели, 48, кв. 10
|
Хотите позвонить? ↓
тел.: +996 (312) 56-34-63 (факс)
|
или написать? ↓
|
© ↓
Общественное объединение "Журналисты", 2007 г.
|